
Милиция 29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана аймактарда жүрүүнү чектөөнү суранат
Башкы ички иштер башкармалыгы шаар тургундарынан жана Чүй, Ысык-Көл облусунун калкынан 29-августтан 6-сентябрга чейин зарылчылык жок жерде унаа менен жүрүүдөн алыс болууну өтүнөт. Бул мөөнөттө милиция күчөтүлгөн режимде иштеп, айрым жолдор убактылуу жабылышы мүмкүн.




















