Экономика
Материалдар: 3112

«TezJet» авиакомпаниясынын лицензиясы текшерүүдөн кийин жокко чыгарылды
Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «TezJet» авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн текшергенден кийин анын лицензиясын жокко чыгарды.

Кыргызстан Moody’s агенттиги менен өлкөнүн кредиттик рейтингин кайра карап чыгууну талкуулады
Кыргызстандын делегациясы Сингапурга иш сапарынын алкагында Moody’s рейтинг агенттигинин, каржы институттарынын жана эл аралык инвесторлордун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуулардын негизги темасы — өлкөнүн кредиттик рейтингин кайра карап чыгуу маселеси. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги «Tez Jet» авиакомпаниясынын лицензиясын жоюду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги «Tez Jet» авиакомпаниясынын лицензиясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим 2026-жылдын 7-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек — Ош багыты боюнча учкан авиакомпаниянын учагы менен болгон авиациялык окуядан кийин чыгарылды.

«Tez Jet» авиакомпаниясынан «Манас» аэропортундагы КШдан кийин учуу лицензиясы алынды
Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги «Tez Jet» авиакомпаниясынын ишине текшерүү жүргүзүп, анын учуу лицензиясын жокко чыгарды. Чечим «Манас» эл аралык аэропортунда болгон өзгөчө кырдаалдан кийин кабыл алынды.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу активдүү мезгилге өттү
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол магистралын куруу активдүү фазага киргизилди. Кыргыз тарабы жергиликтүү адистерди жана өндүрүүчүлөрдүн материалдарын пайдаланууну, экологиялык талаптарды сактоону талап кылып жатат.

Volkswagen дүйнө боюнча 100 миң кызматкерин кыскартууга даярданат — DW
Германиялык автоунаа концерни Volkswagen дүйнө жүзү боюнча 100 миң иш ордун кыскартууну пландап жатат. Бул чечимге байланыштуу Германияда компаниянын кызматкерлери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат, деп кабарлайт DW.

Энергетика министри: Кыргызстан энергетикалык кризисден качан чыгат
Кыргызстандагы энергетикалык кризисти толук жоюу үчүн кеминде үч жыл керек болот. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Кыргызстан Беларустан ай сайын 60-70 миң тонна күйүүчү май алууну сүйлөшүп жатат — министр
Кыргызстан Беларусь менен ай сайын 60-70 миң тонна көлөмүндө күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын энергетика министри билдирди. Тараптар көлөмдөр боюнча макулдашууга жетишкен, учурда башка чоо-жайы тактала турат.

Нарында 727 миллион сомго башталган борбордук көчөнүн оңдоо иштери созулуп кетти
Нарын шаарындагы Ленин атындагы борбордук көчөнүн реконструкциясы мөөнөтүнөн кечиктирилип, жаңыдан төшөлгөн асфальт да бузула баштады. Бул тууралуу маселе Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү жыйында каралды.

Минцифра телекоммуникация тармактарынын номерлөө планын жаңылоону сунуштады
Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги телекоммуникация тармактарынын Улуттук номерлөө планын жаңылоо боюнча Кабинет Министрлеринин токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ошто «Сулайман-Тоо» музей комплексин реконструкциялоо башталат
Оштогу Улуттук тарых-археология музей комплекси «Сулайман-Тоону» реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоорунун экспертизасы аяктады. Долбоорду Дүйнөлүк банк 12,7 млн доллар өлчөмүндө каржылап жатат, курулуш иштери 2024-жылдын август-сентябрь айларында башталып, 2028-жылы толук аяктайт.

Президент ЕАЭС менен Индонезиянын арасындагы эркин соода келишимин ратификациялады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлиги менен Индонезия ортосундагы эркин соода жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул кадам тышкы соода байланыштарын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.









