Экономика
Материалдар: 3123

Кыргызстандын эки мамлекеттик банкы санкция тобокелдигинен 130дан ашык компания менен байланышын үзгөн
Кыргызстандын эки мамлекеттик банкы санкция тобокелдиктерине байланыштуу 130дан ашык компания менен кызматташтыгын токтотту. Дагы 80гэ жакын ишкана текшерилип жатат. Бул тууралуу президенттин санкция саясаты жана санкция тобокелдиктерин азайтуу боюнча өкүлү Бакыт Сыдыков маалымдады.

Садыр Жапаров: Турак-жай куруу үчүн жер участоктору мындан ары берилбейт
Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда жарандарга жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү токтотулаарын билдирди. Мамлекет тик турак-жай курулушуна өтөт.
Кыргызстандагы санарип активдер: USDKG жана KGST улуттук токендери кантип иштейт жана бизнес неге аларды тандап жатат
Кыргызстанда улуттук санарип активдер — USDKG жана KGST токендери колдонулуп жатат. Жергиликтүү бизнес салттуу банк тейлөөлөрүнүн ордуна санарип чечимдерге көбүрөөк кайрылып баштаганы белгиленет.









