Ак-Түздүк тургундар Кечи-Кемин дарыясында жеке менчик тарабынан курулуп жаткан кичи гидроэлектростанциянын курулушуна каршы чыгышты.

Жергиликтүү калк бул гидроэлектростанциянын ишке кириши суу тартыштыгына алып келиши мүмкүн деп тынчсызданып, ишти токтотууну өтүнүп жатышат.

Алар өзгөчө Садыра Жапровго кайрылып, долбоорду кароону жана курулушту токтотууну суранууда.