Ала-Арча жаратылыш паркы Кыргызстандын жарандарынын гана эмес, чет өлкөлүк коноктордун арасында да барган сайын популярдуу болуп баратат. 24.kg агенттигинин маалыматы боюнча, тогуз айда паркка 715 миң адам келген. Бүгүн паркка баруу мурунку мезгилдерден айырмаланат: пикник жана таштандынын ордуна, туристтер электромобилдерге өтүп, жөө походдорду өздөштүрүүдө.

Видео: Номад

Кирүү экономикасы: 880 сом төлөө пайдалуубу?

Конокторду электромобил менен кирүү үчүн 880 сом суммасы таң калтырды. Бирок «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков тариф салондогу жүргүнчүлөрдүн санын эске алуу менен эсептелээрин, акырында жекече төлөөгө караганда пайдалуу болушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.

Паркка кирүүнүн баасы

250чоң киши (өзүнчө)
180бала (6 жаштан)
880электромобил (топ)
1000төрт чоң киши (өзүнчө)

Кубанычбек Жекшенбеков түшүндүргөндөй, эгер коноктор унаасыз келсе, анда ар бир чоң киши 250 сом, ал эми алты жаштан ашкан бала 180 сом төлөйт. Ошол эле учурда парктын ички транспортунда жүрүү алар үчүн акысыз. Электромобил менен кирүүдө 880 сом акы белгиленген. «Унаага төрт адам батат. Эгер алардын ар бири өзүнчө төлөсө, сумма миң сом болмок. Ал эми электромобилде — 880. 120 сом үнөмдөлөт. Биз ушундай жол менен конокторду экологиялык таза транспорт менен келүүгө стимулдайбыз», — деп кошумчалады ал.

Ала-Арчада туризм кантип өзгөрүүдө

Паркта парадигманын алмашуусу байкалууда: мурун бензин кыймылдаткычтуу унаалар басымдуулук кылса, эми басым экологиялык таза транспорт түрлөрүнө жана жөө маршруттарга жылышууда. 24.kg журналисттери жаңы объектилер жана бул белгилүү жаратылыш жайы кантип өнүгүп жатканы тууралуу билүү үчүн паркка барды.