Шумкар-Уя айыл өкмөтү учурда өлкөдөгү алдыңкы жергиликтүү башкаруу органдарынын сабын толуктап келет. Айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев аймактагы ийгиликтерди жана социалдык-экономикалык жактан камсыз болгон жетишкендиктерди жарандар менен бөлүштү.

Айыл өкмөтүнүн аймагы жана маанилүү маалыматтар

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн курамына Хан-Бүргө, Кеңеш, Сасык-Булак, Кара-Ой, Талды-Булак, Ак-Коргон айылдары кирет. Айыл өкмөтүнүн аймагында жалпысынан 10 772 адам жашайт.

Жаш муун жана маданиятты сактоо

Бакыт Кыдыралиев өсүп келе жаткан муунга кам көрүү жана алардын билим алуусуна шарт түзүү маселесин башкы милдеттердин бири деп белгиледи. Ал жаш муундун мекенине болгон сүйүүсүн жана эне тилге болгон кызыгуусун ойготуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылышат.

Эне тил – улуттун уңгусу, элдин руханий байлыгы экендигин алардын аң сезимине кыттай уютууга салым кошуу ар бирибиздин милдеттерибизге кирет.
Бакыт Кыдыралиев

Ошондой эле, 23-сентябрда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептер, бала бакчалар жана китепканаларда иш-чаралар өткөрүлгөнүн айтты.

Аймактын өнүгүшү жөнүндө

Шумкар-Уя айыл аймагы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Талас облусунун «Эң мыкты айыл өкмөтү» деп таанылып, атайын байге менен сыйланган.

  • Бакыт Кыдыралиев – Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы