Кеңеш айыл аймагынын Шыдыр айылындагы №29 «Бурул эне» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ири каржылык бузуулар аныкталды. Райондук прокуратуранын маалыматы боюнча, мекеменин жетекчиси иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге эмпаке эсептеп берген, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге арналган каражаттын бир бөлүгүн алган.
Каржылык бузуулар жана ата-энелердин нааразычылыгы
Каржылык афералардан тышкары, ата-энелер балдардын багуу жана тамактануу шарттарынын талапка ылайык эместиги тууралуу да билдиришти. Жергиликтүү тургун аялдар тамак-аштын сапатына нааразы болуп, тарбиялануучуларга көгөргөн же жашыл түскө келген нан, ошондой эле эт жок тамак берилерин белгилешти. Мындан тышкары, балдарды жерге жаткырып уктоо учурлары тууралуу да маалымдалды.
- Бакчадагы орун үчүн акы төлөө талабы: №29 бакчага эки баласы бараткан ата-эне, кичүү уулун балдар бакчасына каттоо үчүн жетекчиге 5 миң сом өлчөмүндө «шапка» берүүгө туура келгенин айтты. Кийинчерээк ага бала базада катталбаганын негиз кылып, баланы алып кетүү керектиги айтылган.



















