Берлин полициясы билдиргендей, борбор калаада өткөн Christopher Street Day аттуу жылдык ЛГБТ-парад учурунда автоунаа элди сүзүп кеткен. Бул окуянын кесепетинен бир адам каза болуп, он алты адам жаракат алган.
Knews.kg маалымдагандай, Би-би-синин берген маалыматына ылайык, жаракат алгандардын айрымдары оор абалда, бирок азырынча так маалымат жок. Инцидент Тиргартен шаардык паркына жакын жерде болгон. Кырсыктан кийин парад мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Полиция көптөгөн бөлүмдөрү менен окуя болгон жерде иштеп жатат.





