Бишкектеги Октябрь райондук сотунун имаратынын жанында өспүрүм электр тогуна урунганы тууралуу маалымат келип түштү.

Номад ТВДын маалыматы боюнча, бул окуя 26-июлда болду. Өспүрүмдү уруп кеткен токтун күчү катуу болгон.

Текшерүү учурунда соттун жанында жайгашкан соода түйүнүндөгү металл баскычта электр зымдарында чыңалуу келгендиги аныкталды.

Алдын ала болжол менен, электр тармагындагы мүчүлүштүк бул кырсыктын себеби экени айтылууда.

Жабырлануучунун таанышынын айтымында, өспүрүм азыр ооруканада оор абалда жатат.

Милиция окуянын чоо-жайын тактоо максатында териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.