Кыргызстандын Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы ЖАКтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү убактылуу кармоочу жайда (УКЖ) кармалды. Шектүү 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы боюнча айыпталууда.
Кармоо кантип болду
Жагдай жаран М.Ш. ЖАКтын кызматкери акча талап кылгандыгы тууралуу Кыргызстандын Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болду. Арыз берүүчүнүн айтымында, тергөөчү анын ишине тиешелүү материал боюнча оң чечим кабыл алынышы үчүн 100 миң сом талап кылган.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүү Б.Б.ны, болжол менен, 60 миң сом алып жаткан жеринен кармады. Учурда кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул иш боюнча тергөө улантылууда.




















