Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, адистер жарандардан сигнал келгенден кийин 12 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде ыкчам текшерүү жүргүзүштү. Кранга илинген жарнак щити жанаша жайгашкан турак үйдүн чатырына зыян келтиргени аныкталды.
Кайталанган бузуулар жана таасир этүү чаралары
Министрлик буга чейин ушул эле объектиде коопсуздук талаптарын бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлүп, компанияга милдеттүү көрсөтмөлөр менен административдик чаралар колдонулганын билдирди. Ошого карабастан, кранга бекитилген жарнак щитинин кошуна турак үйдүн чатырын тешип өткөнү жана бул жашоочулар үчүн олуттуу коркунуч жаратканы кайра катталды.
Аныкталган бузуулар үчүн «ЭДРУС» ЖЧК подрядчигине 200 000 сом өлчөмүндө кайра айып пул салынды. Мындан тышкары, компанияга курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын катуу сактоо зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди.
Контекст
Бузуулар аныкталган объектинин буйрутма берип жаткан тарабы «Артвин» компаниясы болуп саналат.















