Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги КР жарандары үчүн сунуштарды берип, аларды жеке коопсуздук боюнча кошумча чараларды көрүүгө чакырды. Бул Германиянын жана бир катар башка европалык өлкөлөрдүн аймагында өтүп жаткан, кээде коомдук тартип бузуулар катталган нааразылык акциялары жана демонстрациялар менен байланыштуу.

Германиядагы Кыргызстандын жарандары үчүн сунуштар

Жалпы кырдаалга байланыштуу КР жарандарына нааразылык акциялары, демонстрациялар жана башка коомдук-саясий акцияларды кошо алганда, ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан кармануу катуу сунушталат.

  • Мүмкүн болушунча эл көп топтолгон жерлерден жана акциялар өтүп жаткан райондордон алыс болуу
  • Жергиликтүү бийликтердин жана укук коргоо органдарынын расмий билдирүүлөрүн көзөмөлдөө
  • Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткаруу
  • Маршруттардын ыктымалдуу өзгөрүүлөрүн жана коомдук транспорттун ишиндеги чектөөлөрдү эске алуу

Жардам алуу үчүн байланыштар

Германияда өзгөчө кырдаал келип чыкса, жарандарга төмөнкү тез жардам номурларын колдонуу сунушталат: 110 — полиция; 112 — тез медициналык жардам жана өрт кызматы.

110Полиция
112Тез жардам/Өрт кызматы

Элчилик ошондой эле жетекчилерге жана өкүлдөргө кайрылды...