"Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог" форумунда Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев экономикалык өнүгүү маселелеринде сот системасынын артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, инвесторлор салык жеңилдиктерине гана эмес, мамлекеттин талаш-тартыштарды бейтарап кароону камсыз кыла алуу жөндөмдүүлүгүнө да көңүл бурушат.
Соттук коргоонун артыкчылыктары
Жогорку соттун төрагасы сот бийлиги чоң чет элдик капитал болсунбу же чакан ата мекендик бизнес болсунбу, рыноктун ар бир катышуучусунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү экенин баса белгиледи. Соттук чечимдер мамлекеттик түзүмдөрдүн же айрым компаниялардын кызыкчылыктарына эмес, бир гана мыйзамга таянышы керек.
Өлкөнү тандап жатканда, инвестор салык жеңилдиктерине гана эмес — эң биринчи кезекте төмөнкү суроону берет: талаш жаралган учурда мамлекет көз карандыз жана бейтарап сот адилеттүүлүгүн камсыз кыла алабы?
Өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн укуктук аныктык, мыйзам алдында баарынын теңдиги жана жеке менчиктин кол тийбестиги зарыл.
2026–2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы
Ушул милдеттерге байланыштуу Жогорку сот 2026–2030-жылдар аралыгына карата иш-аракеттер планын долбоорун даярдады. Документте инвесторлордун укуктарын жана жеке менчикти коргоону күчөтүүгө, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштар боюнча соттук практиканы системалаштырууга негизги басым жасалган.













