Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жасалма интеллект (ИИ) менен түзүлгөн видеолордун көбөйүшү тууралуу эскертти.
Бул видеолордо алдамчылар күч органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонуп, коомчулукту адаштыруу максатында видеороликтерди таратууда.
ИИМ алдамчылыктын мындай түрүнө каршы бардык жарандарды сак болууга, шектүү маалыматтарды ынанымдуу булактардан тактоого жана күмөндүү видеолорду таратуудан карманууга чакырат.

