Министрлер Кабинети №774 токтомду кабыл алды, ага ылайык бюджеттик уюмдардын атайын эсептеринде топтолгон каражаттар кайтарылуу негизинде убактылуу алынышы мүмкүн. Бул чечим учурдагы финансылык жыл ичинде республикалык бюджетти камсыз кылууга багытталган.
Алуу шарттары жана критерийлери
Каражаттарды милдеттүү түрдө алуу отчеттук жылдын башында атайын эсептеги калдык бир эле учурда эки критерийге жооп берген учурларда каралган:
Эгерде бул шарттар сакталбаса, каражаттарды алуу бюджеттик каражаттардын башкы тейлөөчүсү менен макулдашуу боюнча гана мүмкүн болот, мында сумма эсептеги калдыктын 50%ынан ашпоого тийиш.
Өзгөчө учурлар жана кайтаруу тартиби
Алууга тийиш болгон сумманы эсептөөдө максаттуу багыты бар каражаттар эсепке алынбайт. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- чыгымдардын корголгон беренелери үчүн акчалар
- келишимдер жана бекитилген сатып алуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн каражаттар
- гранттык жана долбоордук каражаттар
- кредитордук карызды төлөө үчүн акчалар
Процедура жөнүндө чечимди бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Министрлер Кабинети кабыл алат. Документте алынып жаткан каражаттардын көлөмү, мекемелердин тизмеси, колдонуу мөөнөттөрү жана акчаны уюмдардын эсептерине кайтаруу тартиби так жазылышы керек.
Документтен
Алынган каражаттар бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине милдеттүү түрдө кайтарылышы керек.










