Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жаш-Тилек айылынын көчөлөрүнө 3,2 км аралыкка асфальт төшөлдү. Курулуш иштерин Кадамжай районунун №46 Жол эксплуатациялык ишканасы аткарды.

Иштерди финансылоонун бөлүштүрүлүшү

Асфальттоону жалпы финансылоо

10млн сом (Транспорт министрлиги)
9млн сом (айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети)
2млн сом (жашоочулардын жарнасы)

Асфальттоону финансылоо ар кайсы булактарга бөлүнгөн. 1,5 км жол участогу Транспорт министрлигинин каражатына асфальтталган. Калган 1,7 км айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын жеке жарналарынын эсебинен финансыланган.