Кыргызстанда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационардык мекеме иштейт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мекемелерде жалпы 2443 социалдык кызмат алуучу бар. Бул стационардык мекемелерге жалпы типтеги интернаттар, психоневрологиялык жана балдарга багытталган үй-интернаттар кирет.
- 7 психоневрологиялык стационардык мекеме чоңдор үчүн
- 5 жалпы типтеги мекеме кары-карттар жана майыптар үчүн
- 2 психоневрологиялык стационардык мекеме балдар үчүн
- 1 Жалал-Абад облусундагы «Ак-Жол» комплекстуу реабилитациялык борбору балдар үчүн
- 1 майып балдарга багытталган үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү
- 1 балдар үчүн «Келечек» реабилитациялык борбору
Министрликтин көзөмөлүндөгү бул социалдык мекемелерде ар кандай муктаждыгы бар адамдарга тейлөө көрсөтүлүп, социалдык кызматтар берилүүдө.












