Кыргызстанда мээдеги кээ бир шишилерди хирургиялык аралашуусыз дарылоого «Гамма-нож» аппараты орнотулду. Бул маалыматты КГМАнын проректору Кенешбек Ырысов билдирген. Аппарат Националдык онкология жана гематология клиникасынын аймагына жайгаштырылган.
Кыргызстанда операциясыз мээдеги шишилерди дарылоого «Гамма-нож» аппараты орнотулду
Кыргызстандагы Академиялык №8 клиникасында президенттин фондунун каражаты менен «Гамма-нож» аппараты орнотулду. Бул жабдуу операциясыз мээдеги кээ бир шишилерди радиохирургия ыкмасы менен дарылоого мүмкүндүк берет.










