Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги багыты — чет элдик жана ички инвестицияларды тартуу болуп саналат. Ушул шарттарда инвестициялардын көлөмү гана эмес, анын сапаты да жана мамлекет үчүн экономикалык пайдасы да маанилүү багытта каралууда.

Инвестиция көлөмүндөгү өсүш тенденциясы

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү

1310,8млн АКШ доллары
537,6млн АКШ доллары
709,9млн АКШ доллары

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанга түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1 млрд 310,8 млн АКШ долларын түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 27,3 пайыздан жогору. Ошондой эле, 2020-жылы бул көрсөткүч 537,6 млн АКШ долдары деңгээлинде болгон, бул алты жыл ичинде олуттуу өсүш тенденциясын көрсөтөт.

Азыркы учурда дагы кызыгуу сакталып жатканы айтылат. Мисалы, 2026-жылдын биринчи жарымы үчүн өлкөгө түз чет өлкөлүк инвестициялардын 709,9 млн АКШ доллары келип түшкөн, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайыздан көп болуп эсептелет.

Экономиканын өнүгүүсүндөгү ролу

Чет элдик инвестициялардын өлкөнүн улуттук экономикасына чоң салым кошуп жатканы айтылат. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров жарандар үчүн ушул капиталдын маанилүү ролун белгилеген.