Дүйнө чемпионатына катышуунун жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар Амантур Исмаилов жана Акжол Махмудов коло медалдарды утуп алышты.

Балбандарды тосуп алуу жана сыйлоо

«Манас» аэропортунда спортчуларды Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү тосуп алышты. Тосүп алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урмат Асанбаевдин жетекчилиги менен өттү. Тосүп алуу учурунда балбандарга чапан кийгизилип, калпактар тартууланды.