Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз делегациясы менен жолугуп, анда кыскача маектешти.
Кездешүү учурунда ал Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, СССР доорундагы өз иш тажрыйбасын эске салды. Мирзиёев өзүнүн алгачкы өкмөттүк кызматында айыл чарбасын көзөмөлдөп жүргөнүн жашырган жок.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Мирзиёевдин бул шуткасына жооп кылып, «Аны азырынча кызматтан кетирбейбиз, жаңысын гана дайындадык. Узак мөөнөт кызмат кыла турсун деп үмүттөнөбүз» деди.







