Ош шаарында эки айылды — Төлөйкөн жана Бодур-Ташты таза ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган долбоордун онлайн ачылышы болуп өттү. Бул долбоордун алкагында артезиан суусун алуу жана жаңы инфраструктураны тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары

Суу менен камсыздоо үчүн 30 метр тереңдиктен артезиан суусу казылып алынып, ал зарыл лабораториялык текшерүүдөн өттү. Андан ары берүү үчүн суу насос жабдуулары аркылуу атайын курулган резервуарларга келет.

Суу сактагычтар

1000суу сактагычтардын жалпы сыйымдуулугу (куб метр)
500бир суу сактагычтын сыйымдуулугу (куб метр)

Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулду. Тиешелүү тазалоодон кийин суу акыркы керектөөчүлөргө берилет. Жалпысынан долбоордун алкагында 26 километр суу түтүк тармактары тартылды.

Калк үчүн натыйжалар

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында эми Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы 950 үй чарбасы таза ичүүчү сууга үзгүлтүксүз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Долбоордун ачылыш иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.