Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында илимий-зерттөө уюмдарынын жана жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында илимий-зерттөө институттарынын, ведомстволордун алдындагы изилдөө мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жана эсепке алуу кызматкерлеринин жүздөн ашуун өкүлү онлайн жана офлайн форматта катышты.

Жыйналыштын негизги максаты президенттин 2026-жылдын 6-апрелинде №135 жарлыгын ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды талкуулоо болуп, илимдин ишмердүүлүгүн реформалоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытындагы иштер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Илим министринин орун басары Лира Сүлөйманова «Илимдин каржылык автономиясы. Президенттин жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча министрликтин практикалык позициясы» темасында баяндама жасап, жарлыктын негизги багыттарын, аткаруу механизмдерин жана күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү баяндады.

Жыйын учурунда жарлыктын негизги максаттарына токтолушту: өлкөдөгү илимдин атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу; илим, билим берүү жана өндүрүштү бириктирүүнү бекемдөө; илимий ишмердүүлүктү башкаруу системасын оптималдаштыруу.

Катышуучулар жарлыкта белгиленген милдеттерди практикалык жүзөгө ашыруу механизмдерин талкуулап, тиешелүү нормативдик укуктук актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүү маселелерин караштырышты.