Чүй облусунда, Аламедин районунун Арашан айылынан жогору жакта, жаракат алган кийик козу табылган. Жаракат алган жаныбар жөнүндө жергиликтүү тургундар кабарлашкан.
Адистердин жардамы
Бул окуя боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламедин району боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери чара көрүштү. Окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзгөндөн кийин адистер кийик козунун буту сынып калганын тастыкташты.
Медициналык жардам көрсөтүү үчүн жаныбар жапайы жаныбарлар үчүн атайын реабилитациялоо борборуна жеткирилди. Учурда кийик козу ветеринарлардын көзөмөлүндө.
Жарандарга чакырык
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды. Ведомство жаракат алган же жардамга муктаж болгон жаныбарларды тапсаңыз, тиешелүү органдарга өз убагында билдирүүнү сунуштайт.









