Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул сапар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен уюштурулуп жатат.

Сапардын негизги максаты катары эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңдалышын камсыздоо көрсөтүлүүдө. Мамлекет башчылары бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, маанилүү келишимдерге кол коюшат.

Бул мамлекеттик сапар эки өлкөнүн достук, ишеним жана өз ара колдоого негизделген мамилесин жаңы деӊгээлге көтөрүүгө салым кошот.