Чуй облусундагы Тоо-Ашуу перевалында аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен кар жаашып жатканына байланыштуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга эскертүү берди.
Тоо-Ашуу перевалында кар жаашып жатат: айдоочулардан аралыкты сактоону сурашты
Чуй облусундагы Тоо-Ашуу перевалында аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен кар жаашып жатат. Ушул кырдаалга байланыштуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, аралыкты кармоого жана шиналарын кышкыга алмаштырууга чакырды.




















