Өлкөдө тартипти сактоо, коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо багытында жасалып жаткан иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев билдирди. Ал тармактын кызматкерлерине майрамдык кайрылуу жасады.
Тартип сакчыларынын милдеттери жана тармактын өнүгүшү
Министрлер Кабинетинин жетекчиси белгилегендей, мамлекеттин негизги максаты — мыйзамдуулукту катуу сактаган, элдин ишенимине таянган жана коопсуздукту толук камсыздай алган заманбап укук коргоо системасын түзүү болуп саналат.
Акыркы мезгилде криминалдык көрүнүштөргө чечкиндүү сокку урулганы, саясий күчтөрдүн ортосундагы консенсустун натыйжасында коомдук туруктуулук орноп, криминалга гана басым жасоого шарт жаралганы белгиленди. Ошондой эле экономикалык өсүштүн аркасында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканы маалымдалды.




















