Жалал-Абад шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар — «Баатыр эне» ордендери жана «Эне даңкы» медалдары тапшырылды.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев көп балалуу энелерди сыймыктуу менен куттуктап, алардын үй-бүлөнү бекемдөөгө жана балдарды тарбиялоого кошкон салымын белгиледи.

Ал ошондой эле бийликтин энелерге жана балдарга социалдык программалар аркылуу көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

2023-жылдын 1-январынан тартып тоо аймактарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн «Бала Береке» бир жолку төлөмү киргизилген жана 1-августтан «Бала ырысы» мамлекеттик колдоо программасы ишке кирет.

Мамлекеттик сыйлыктын саны Жалал-Абад облусунда

235энеге «Баатыр эне» ордендери
120энеге «Эне даңкы» медалдары

Бул сыйлыктар Жалал-Абад шаары, Манас, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунан келген энелерге тапшырылды. Ал эми башка аймактарда жашаган энелерге сыйлыктар тиешелүү жерде бериле турган болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачыл жамааты концерттик программаны көрсөттү.