2026-жылы өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгында кыздар менен эркек балдардын тилди билүү деңгээлинде айырмачылыктар аныкталды. Катышуучулардын саны жана алардын жыйынтыктары тууралуу жалпы маалымат Билим берүү ресурстарынын борборунун отчетунда берилген.

2026-жылы мамлекеттик тил боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктары

39454катышкан кыздар
29839катышкан эркек балдар

Тилди билүү деңгээли боюнча

  • Мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүнү 11 миң 971 кыз жана 4184 эркек бала тастыктады
  • Орточодон жогору деңгээлди 19 миң 185 кыз жана 14 миң 384 эркек бала көрсөттү
  • Тилди орточо деңгээлде билген катышуучулардын арасында эркек балдар көбүрөөк болду — 10 миң 475 адам, ал эми кыздар — 7979 адам
  • Орточодон төмөн деңгээл 619 кызда жана 796 эркек балада катталды

Топтор боюнча салыштыруу

11971кыздар (жогорку деңгээл)
4184эркек балдар (жогорку деңгээл)
19185кыздар (орточодон жогору)
14384эркек балдар (орточодон жогору)

Жалпысынан 2026-жылы мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө эркек балдарга караганда кыздар 9615 адамга көбүрөөк катышкан.