Жаңы эрежелер боюнча, өлкө боюнча кадимки полиэтилен пакеттерин өндүрүүгө, сатууга жана кассаларда акысыз берүүгө толук тыюу салынат. Ошондой эле бир жолку пластик идиштердин бир бөлүгү чектөөгө дуушар болот. Бул чектөөлөрдү бузган учурда жарандар жана компаниялар үчүн айып пулдар каралган.

Пакеттерди колдонгондор үчүн айып пулдар

Пакеттерди колдонгон учурда жарандарга жана юридикалык жактар үчүн төлөнө турган айып пулдар төмөнкүдөй болот:

Пакеттерди колдонгондор үчүн айып пул

1 000физикалык жактар үчүн (сом)
5 000юридикалык жактар үчүн (сом)

Ал эми пакеттерди өндүрүү же сатуу боюнча чектөөлөрдү бузган учурда, жарандар 3 миң сомдон, ал эми компаниялар 13 миң сомдон баштап айып пул төлөшөт.

Энергетикалык суусундуктарга толук тыюу

Экономика жана коммерция министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан баштап энергетикалык суусундуктарды импорттоо, өндүрүү, дүкөндөрдө жана интернет аркылуу сатуу, ошондой эле аларды ичүүгө жаш курагына карабастан толук тыюу салынат.

Учурда рынокто бул багытта 52 импорттоочу иш алып барат жана жергиликтүү «Абдыш-Ата» компаниясы гана өндүрүш жүргүзүүдө.