30-июлдан 1-августка чейин Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин бараткан жолдо унаа кыймылы кээде токтотулуп туруусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу президенттин басма-сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Кыймыл чектөөлөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Илихам Алиевдин мамлекеттик иш сапарлары менен байланыштуу.

Ошондой эле аталган күндөрү борбор калаада «Борбор Азия — Азербайжан» саммити өтүп, ага мамлекет башчылар катышат.