Изилдөө иштери качан бүтөт?
Түзүлгөн атайын топ жергиликтүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, баатырдын сөөгү коюлган болжолдуу орунду тактоо үчүн чыгат. Комиссия өз ишинин жыйынтыгы боюнча корутундуну 20-декабрга чейин сунушташы керек.
Комиссиянын курамы
Комиссияга ар кандай тармактагы адистер жана мамлекеттик кызматкерлер кирди. Топтун төрагалыгына Маданият министрлигинин орун басары Аскаралы Мадаминов дайындалды.
- Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары Тыныстан Арзыбаев
- Мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Медеткан Шеримкулов
- Президент администрациясынын стратегиялык пландоо боюнча башкы эксперти Замирбек Турсунбеков
- Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов
- Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлдөр Ишенапысова
- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев
- Ички иштер министрлигинин тергөө кызматтын башкармалыгынын башчысы Урмат Баялиев
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын орун басары Кубат Мукашев
- Бишкек шаардык санитария-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова
- Тарых илимдеринин доктору, археолог Кубатбек Табалдыев
- Жусуп Балта кыргыз улуттук университетинин доценти Орозбек Солтобаев
- Уланбек Далиев
Маалымат үчүн
Абдыкадыр Орозбеков — мамлекеттик жана коомдук ишмер, өлкөнүн биринчи жетекчиси болгон.


















