Борбор Азияда беш мамлекеттин арасында туруктуу консультациялык кеңеш түзүү керектиги тууралуу доктор экономикалык илимдеринин кандидаты Гурас Жапаров билдирди.

Ал өлкөлөрдүн тышкы саясат багыттары ар түрдүү болгону менен, өз ара аракеттерин координациялоо маанилүү экенин айтты.

Жапаров белгилегендей, мындай кеңеш коопсуздук, экономикалык саясаты жана башка жалпы маселелер боюнча позицияларды макулдашууга мүмкүндүк берет.

Негизинен консультациялык кеңеш түзүү керек, анда экономикалык коркунучтар, тобокелдиктер жана башка маселелер талкууланат.
Гурас Жапаров

Экономисттин пикиринде, мындай механизмди түзүү аймактагы чоң мамлекеттердин таасири жана геосаясий өзгөрүүлөргө байланыштуу зарылчылык болуп жатат.

Азыр Борбор Азияга ар кандай таасирдүү мамлекеттер жана уюмдар келип жатышат. Ошондуктан биз тез арада биригүүнү унутпашыбыз керек, кеч болуп калбашы үчүн.
Гурас Жапаров