«Көк-Айгыр» чек ара бөлүмүнө туруктуу электр энергиясын жеткирүү долбоору аткарылды. Бул менен чек ара кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары жакшырат деп белгиленди.

Электр энергиясын камсыздоо боюнча жасалган иштер

Долбоордун алкагында «Торугарт» көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылган. Ошондой эле, кубаттуулугу 160 кВА болгон эки трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы орнотулган.

33чакырым электр чубалгысы
160кВА (трансформатор кубаттуулугу)
2трансформатор
500+электр мамысы

Эми чек ара бөлүмү туруктуу электр энергиясы менен камсыз болуп, кызматтык иштерин үзгүлтүксүз жүргүзө алышат.