Ак-Талин районунун Ак-Чий айылында сел коргонуучу каналды оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул канал сел кесепеттеринен улам бузулуп, анын 502 метрлик бөлүгү селдин агымы менен жараксыз абалга келген.

Айыл өкмөттөн берилген маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 20 миллион 225 миң 130 сом бөлүнүп, "Нарын курулуш" мамлекеттик мекемеси бул оңдоп-түзөө иштерин аткарып жатат.

Мурда канал жөн гана бетон менен капталган жана суу агымдарына туруштук бере албай келген. Азыркы учурда каналдын негизи арматураланган материалдар менен бекемделип, темир-бетондук каналга айландырууда.

Мурдагы жылдары сел селдин каптоо ыктымалдыгы жогорулап, Ак-Чий айылында бир нече ирет сел жүргөн. Натыйжада канал бузулуп, Нарын—Баетов—Макмал автоунаа жолунун айрым бөлүктөрү эртелей сууга түшкөн.