Жергиликтүү кеңештин депутаты Акжол Жандашов Айры-Там айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин ротациялоо маселесин көтөрдү. Депутаттын айтымында, аталган кызматкер 14 жылдан бери иштеп келет, айыл өкмөтүнүн иштерин өз каалоосу менен жүргүзөт жана жергиликтүү элдик депутаттар менен тил табыша албайт.
Прокуратуранын жообу жана текшерүүлөр
Райондук прокуратуранын өкүлү бухгалтер мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер категориясына кирбегендиктен, ротациялоо процедурасы ага тиешелүү эмес экенин билдирди. Бирок, жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ортосундагы карама-каршылыкты эске алуу менен, бухгалтердин ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады. Ошондой эле, финансылык маселелер боюнча МКК жана прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлгөнү белгиленди.
Президенттин өкүлүнүн эскертүүсү
Депутаттар, сиздер да эл жөнүндө ойлошуңуздар. Эгер сиздердин компанияларыңар тендерден өтпөй калса же кандайдыр бир иш ишке ашпай калса, айыл өкмөтүнө нааразы боло баштайсыңар. Жергиликтүү бийлик, сынга чыңалуу менен карабаңыздар. Сиздердин жеке нааразычылыктарыңар жана жеке кызыкчылыктарыңар биринчи планга чыкпашы керек.
Жолугушуу учурунда тургундар негизинен сугат суусунун көйгөйүн көтөрүштү. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жеке кызыкчылыктардан мамлекеттин кызыкчылыгы бийик турушу керектигин баса белгиледи.














