Турак жай үчүн чыгышган чыр Ак-Там айылында болгон. Арыз ээсинин айтымында, эки кабаттуу үй күйөөсү менен тууганынан бөлүп-бөлүп сатып алынган жер участогуна курулган. Бирок жыйынтыгында имарат аялдын күйөөсүнүн инисине берилип коюлган.

Кайрылуунун маңызы

Дилдора Хамидова күйөөсү Россияда дарыланып жүргөн учурда, курулушка акча топтоо үчүн чогуу иштешкендерин айтты. Жыйынтыгында ата-энеси курулган үйүн инисине берип, жубайлар «сырткы короодо» жашап калышкан. Акыркы бир жылдон бери имаратка кирүүгө жол берилбей жатат.

Сиздерден жардам сурайм, өзүбүз курган үйүмдү кайтарып берүүгө жардам бериңиздер. Өз үйүмдө жашагым келет
Дилдора Хамидова

Талашты чечүү боюнча сунуштар

17-ноябрда өткөн Ала-Бука жана Т. Балтагулов атындагы айыл аймактарынын калкы менен жолугушууда бул кырдаал боюнча Turmush булагы билдирди. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова маселени чечүү үчүн сот органдарына өз убагында кайрылуу зарыл экенин, анткени белгиленген мөөнөттөр өтүп кеткенден кийин процесс бир топ татаалдашарын түшүндүрдү.