Президент Садыр Жапаров бул маалыматты Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында Ала-Бүкүн районунун активдери жана тургундары менен жолугушуу кезинде билдирген. Анын айтымыша, учурда Ала-Бүкө - Жаны-Базар - Кировка автожолунун курулушу да уланып жатат.
Ала-Бүкүн районунда беш жыл ичинде 27 км жол асфальтталды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ала-Бүкүн районунда өткөн беш жыл ичинде 27 километр жол асфальтталганын билдирди. Ошондой эле, 2026-жылы кошумча 24 километрге асфальт төшөнү пландалып жатат.










