Кыргызстанда ишкерлердин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Мындай колдоо чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга жана аларды өнүктүрүүгө жол ачаары белгиленет.
Токмок шаарында жайгашкан «Алдос Текстиль» текстиль комбинаты 1 млрд 700 млн сом инвестиция салуу менен өндүрүштө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Компания жергиликтүү бийликтен 31 гектар аукцион аркылуу ижарага алган, азыр курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Ишканалардын негизинде текстиль цехтеринен сырткары айнектен профиль, газоблок жана модулдук үйлөрдү өндүрүү иштери уюштурулат. Бул бир нече багытта иштеген комплекстүү өндүрүштү пайда кылып, аймак экономикасын жандандырууга салым кошот.
«Алдос Текстиль» ишканасынын өкүлү Кемелбек Норузбековдун айтымында, жаңы өндүрүш ишке киргизилгенден кийин 400–500 жумушчу орун түзүлөт. Компания продукциясын өлкө ичинде жана чет өлкө рынокторунда сатуу пландалууда.
Бул долбоор аркылуу Токмок шаарында өндүрүштү өркүндөтүү менен бирге социалдык жана экономикалык динамиканы жогорулатуу күтүлүүдө. Ишканалар салыктарды төлөп, аймактын өнүгүүсүнө салымын кошот.














