Кыргызстан менен Россия мамлекеттик деңгээлдеги келишимге жетишип, ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май алып турууну макулдашты.
Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан жыл аягына чейин Россиядан күйүүчү майды туруктуу түрдө алууга шарт түздү.
Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Данияр Амангелдиев келишим боюнча маалымат берип, күйүүчү май баалары биржа көрсөткүчтөрү боюнча сатылаарын белгиледи.






