Америкалык чийки зат трейдери Traxys Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жайгашкан критикалык минералдарга көңүл буруп жатат. Ушуга байланыштуу бул өлкөнүн экономикасы үчүн кандай перспективаларды ачып берери жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу процессинде кандай ыктымал тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн экендиги талкууланууда.