ОДКБнын мүчөсү болгон Армения уюмдун ичиндеги негизги чечим чыгаруу укуктарынан ажыратылды. 11-ноябрда Москвада Коллективдик коопсуздук кезектеги коопсуздук кеңешинин жыйынында ушундай чечим кабыл алынган. Бул жерде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да катышып турган.

Россиянын Президентинин басма сүзүүчүсү Дмитрий Песковдун маалыматы боюнча, чектөөлөрдүн негизги себеби — Армениянын бир нече жыл бою уюм алдындагы милдеттенмелерин аткарбай келе жаткандыгы. Өзгөчө, 2024-жылдан тарта Ереван уюмдун бюджетине мүчөлүк акыларды которбей жатат.

2жылы
25статья (Устав ОДКБ)

Документтен

Аталган беренеге ылайык, карызы эки жыл бою төлөнбөгөн мамлекет добуш берүү укугунан жана квоталанган кызматтар үчүн өз жарандарын сунуштоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.
ОДКБ Уставынын 25-беренеси

Окуянын тарыхына көз салан, Армениянын башкы министри Никол Пашинян 2024-жылдын февраль айында уюмдагы катышуусун токтотуу жөнүндө билдирген. Анын айтымында, Нагорный Карабахтагы кырдаал жана уюмдун Азербайжан менен болгон чыр-чатакта өз милдеттерин толук аткарбагандыгы мындай чечимге түрткү болгон.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун түшүндүрмөсү боюнча, чектөөлөргө карабастан, Армениянын коллективдик коопсуздукка таянган негизги укуктары сакталып калат.

Контекст

2022-жылы сентябрда ОДКБ Армениянын чек ара райондоруна баалоо миссиясын жөнөткөн, бирок Ереван бул топту кабыл албай, Евросоюздун өкүлдөрүн чакырууну тандаган. Ошондой эле, Пашинян уюмга мүчө болгон кээ бир мамлекеттер Азербайжанга аскердик иштерди даярдоодо көмөктөшкөн деп ырастаган.