Бишкек тургундары жана шаар коноктору Ата-Түрк паркында мэрия жүргүзгөн жашылдандыруу жана оңдоо-түзөө иштерин талкууга алышты. Бир катар адамдарга жаңы объекттер жакса, башкалары паркта пайда болгон көлмөнүн жана жарык берүүчү чырактардын абалы боюнча тынчсызданууларын билдиришти.
Паркка эмнелер кошулду
- Жаңы аттар кору (конюшня)
- Жүгүрүү жолдору
- Отургучтар
- Жасалма көлмө
Бирок бул өзгөрүүлөр паркта өскөн дарактардын жана жашыл зоналардын бир бөлүгүн кыюу менен коштолгон. Ошондуктан бул иштер айрым тургундар тарабынан четке кагылып, соцтармактарда талкуу жаралды.
Уже фонари разбиты. Да и воды в пруду нет. Зачем его вырыли, как котлован?
Ата-Түрк паркын оңдоо-түзөө иштери Бишкек мэриясы тарабынан парктын айланасында жайгашкан батирлер жана үй ээлеринен мажбурлап чогулган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн. Бул чечим да коомчулук тарабынан сынга алынган.



