Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Монголиянын мамлекеттик башчысы Хүрэлсүх Ухнааны улуттук майрам — Наадам менен куттуктады.

Куттуктоо учурунда Токаев Монголиянын өнүгүү динамикасын жогору баалап, өлкөлөр аралык достук жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекем сактоого ишеним билдирди.

Казак президенти эки элдин пайдалары үчүн ар түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз сөзүнүн аягында ал Хүрэлсүх Ухнаага мамлекеттик ишмердикте ийгиликтерди, ал эми Монголия элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.