Жогорку Кеңеш депутаттары турак жай кодексине жана үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган өзгөрүүлөргө ылайык, ажырашуу учурунда сот жубайлардын биринин өтүнүчү менен экинчи тарапка мурунку жубайга өзүнө таандык турак жайда убактылуу жашоого уруксат берүү же башка турак жайды ижарага алуу акысын төлөө милдетин жүктөй алат. Бул милдет сот белгилеген мөөнөткө карата колдонулмакчы.

Ажырашуудан кийинки турак жай маселеси

Мыйзам долбоорунун демилгелеринин айтымыча, үй-жай көбүнчө эркектин атына катталганына байланыштуу, ажырашкандан кийин жашы жете элек балдары менен калган аялдар турак жайсыз калуу коркунучуна туш болуу мүмкүн экендигин белгилеген.

Кыргызстандагы ажырашуу статистикасы

13,3миңдан ашык
2024жылы ажырашуу
14,2миңге жакын
2025жылы ажырашуу

Бул өзгөртүүлөр ажырашуудан кийинки жубайлардын турак жайдык мамилелерин жогорулатууга багытталган.