Барселона бийликтери массалык туризмди чектөө боюнча жаңы чараны карап жатат — шаарда 12 сааттан аз убакыт өткөргөн круиздик лайнерлердин жүргүнчүлөрү үчүн жыйымды жогорулатуу. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.
Cruise Industry News басылмасынын маалыматына ылайык, шаардык комитет мындай туристтер үчүн максималдуу жыйымды 24 евро же болжол менен 27 доллар өлчөмүндө белгилөөнү сунуштады. Бул мурда талкууланган 8 евро суммасынан үч эсе көп.
Бийликтер круиздик кемелерден бир нече саатка гана түшүп, шаардын инфраструктурасына кошумча жүк жараткан, бирок Барселонада аз каражат короткон туристтердин санын азайтууну каалашат.
Хосе Антонио Донайренин айтымында, жаңы чаралар туристтерге каршы багытталган эмес. Бийликтер шаарда узак убакытка калган, ишкердик же маданий себептер менен келген жана жергиликтүү экономикага көбүрөөк акча короткон саякатчыларды көбүрөөк тартууну көздөйт.
Барселона бир нече жылдан бери туризм тармагын жөнгө салууну күчөтүп келет. 2017-жылы шаарда жаңы мейманканаларды курууга мораторий киргизилген.
2026-жылдын 1-апрелинен баштап Барселонадагы мейманканаларда жашоо үчүн туристтик салык дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, бир кишиге түнүнө 5-9 доллардан 10-17 долларга чейин жогорулаган.




