24-ноябрда АКИ press-Ош пресс-борборунда Баткен шаарынын тургундары пресс-конференция өткөрүп, жер маселеси боюнча арыз менен чыгышты. Алардын айтымында, айрымдары бөлүнүп берилген жерлерге, ал эми башкалары сатып алынган жер участокторуна документ ала албай жатышат.

Чек араны белгилөө жана айыл чарба максатындагы жер маселеси

Баткен шаарынын тургуну Сүйүнбай Жалилов өз үй-бүлөсү менен эки бөлмөлүү үйдө жашап жатканын, ошондуктан жер участогу зарыл экенин айтты. Ал Баткен районунан жер бөлүп берилип, «Кадастр» кызматында катталганы менен, кызматкерлер жердин чектерин аныктап, тикөөч (колышек) коюп беришпей жатышат. Сүйүнбай Жалилов бийлик өкүлдөрүнөн жерди мыйзамдуу жол менен алууга көмөктөшүүнү суранып жатат.

Дагы бир тургуну Райхан Мусаева 2011-жылы таанышынан жер сатып алганын билдирди. Бирок ал жер айыл чарба максатында колдонулуучу аймакта жайгашкандыктан, ага тиешелүү документтер берилбей жана ишкердик менен алектенүүгө уруксат берилбей келет.

2 млн сом инвестиция

Райхан Мусаева жерге карата жасаган чыгымдары

2011-жылы таанышымдан 17 соток жер сатып алганмын. Бул участок тоолорго жакын жайгашкан жана айыл чарба максатындагы жерлерге кирет, бирок ал таштуу, кургак жер. Мен болжол менен 2 млн сом жумшап, арча отургузуп, боз үй жана топчан орнотуу боюнча долбоор даярдадым. Бирок Баткен мэриясы бул жер айыл чарба максатында деп, мага уруксат бербей жатат. Ал эми айланадагы кошуналарым жерди иштетип жатышат. Мага гана уруксат берилбей жатат, мен атайын тоскоолдук кылып жатышпайбы деп ойлоп жатам.
Райхан Мусаева, Баткен шаарынын тургуну

Контекст

Баткен шаары — Баткен облусундагы административдик борбор, анын калкы 2021-жылдагы маалымат боюнча 27 730 адамды түзөт.