Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында кээ бир курулуш объектилеринде коопсуздук жана шаарды көрктөндүрүү талаптары сакталбаганы үчүн министрлик тарабынан курулуш иштерине токтотуу чеги коюлду.
Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин алкагында төмөнкү кемчиликтер табылды: курулуш аянтчалар толук тосулбай калган, жөө адамдар үчүн коопсуздук тосмолор жана чатырлар жок, сырттан жарык берүү жайгаштырылган эмес. Ошондой эле автотранспорттун кире турган жолдору жана унаа дөңгөлөктөрүн жууган жайлар уюштуруулган эмес.
Текшерүү учурунда «Ленина, 3Б» дарегинде жайгашкан 3-7 кабаттуу турак жай комплекси, «Кулатова» көчөсүндөгү 7 жана 8 кабаттуу эки блоктон турган турак жай комплекси, ошондой эле «Кулатова, 132А» дарегиндеги 7 кабаттуу турак жай комплекси өзгөчө каралды.
Бул объектилерде эмгек жүргүзгөн ОсОО «Золотой Квадрат», «Элит Гранд» жана «Асыл Холдинг» компанияларына мыйзам бузуулар жөнүндө актылар түзүлүп, иштер толук кандуу талаптар аткарылмайынча токтотулду.
Мамлекеттик архитектуралык жана курулуш контролдук департаменти Кыргыз Республикасынын КР СН 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» стандартын сактоонун маанилүүлүгүн эскертет. Нормалар бузулса, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.












