Баткен облусундагы Чалкой жайлоосунда тоодон чоң мөңгү жана кар жыйыны кулашын жергиликтүү тургун видео тасмага тартып алган.

Видео кадрларында муз жана кар массасы ылдамдык менен тоодон кулап ылдый тарапка жайылып, коркунучтуу көрүнүшү туурасында көрсөтүлөт.

Бул жагдай социалдык тармактарда кеңири таралып, колдонуучулар табигый кубулуштун масштабына жана күтүүсүздүгүнө басым жасашты.

Учурда жаракат алган же материалдык зыян тууралуу маалымат түшө элек.