Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Баткен облусунун бардык айыл аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калк менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындарга облус жетекчилери, шаар мэрлери, райондук акимдер, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Кызыл-Киядагы биринчи жыйын

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги менен өткөн алгачкы жолугушуу 11-майда Кызыл-Кия шаарында болду. Жыйынга жүздөгөн тургун чогулуп, ондон ашык маселе жана кайрылуу айтылды.

Кызыл-Киядагы жыйын жөнүндө сандар

300тургун катышты
50+маселе жана кайрылуу айтылды
7000+жер участогуна арыз берилген